Корутунду
Корутунду
2021-жылдын акыркы жаңылыктарына таянып, он миллиондогон адам коронавируска чалдыкканын байкасак
болот. Вирустун кесепетинен миллиондон ашык адам каза болду же узак убакыттар бою саламаттыгына залакасын тийгизген абалдан жабыркоодо. Бул макала Covid-19 оорусуна чалдыккандардын өпкөсүнүн альвеолаларында гиалурон кислотасынын синтезделишиндеги биохимиялык өзгөрүүлөрдү изилдөөгө арналган.
Бүгүнкү күнгө чейин аталган маселени чагылдырган адабияттарга талдоо жүргүзүлдү.
Коронавируска шектелген ар бир бейтапты компьютердик томограммага тартканда, суюктук толуп, агарып
калган жерлер – “күӊгүрт айнек” синдрому байкалган. Адабияттарды талдоонун жыйынтыгында коронавирус
альвеолдордун челин (мембранасынын) жабыркатып, андан гиалурон кислотасы бөлүнүп чыгышына түрткү
болору аныкталды. Окумуштуулар тобу өпкөнүн катуу кармаган Covid-19 инфекциясында өлүмдүн негизги
себеби гиалурон кислотасы саналат деп божомолдошот.
COVID-19дан жабыркаган альвеолдордогу жана кан тамырлардагы эндотелиалдык клеткалардагы сезгенген
цитокиндердин өндүрүмдөрүнүн деңгээлинин жогорулашы менен коштолорун, аны менен бирге гемостаз
факторлорун активдештирүүчү нейтрофилдик клеткадан тышкаркы тузактар көбөйөрүн окумуштуулардын
изилдөөлөрү далилдеди. Демек, өпкөнүн микроциркуляциясындагы тромбоз дем алуунун жетишсиздигинин
жогорулашына алып келет.
Макалада андан ары COVID-19да дем алуунун жетишсиздигинин өрчүшүндө “брадикининдик штормдун”
концепциясы, гиалурон кислотасынын ролу жана гепариндин дарылык натыйжасы тууралуу баяндалат. Гепарин антикоагулянттык натыйжасынан тышкары, SARS-CoV-2 вирустун «спайк»- белогу менен байланышып, вирустун өрчүшүнө атаандаш ингибитор катары кызмат аткарып, процесстин инфекциялуулугун
төмөндөтө турганын окумуштуулар аныкташты [1].