Корутунду
Корутунду
Киришүү. Макалада тамактануунун учурдагы абалы жана анын жугуштуу эмес оорулардын (ЖЭО) жайылышы менен байланышы, дүйнөлүк жана Кыргыз Республикасындагы азык-түлүк чөйрөсүнүн өзгөчөлүк- төрү, ошондой эле негизги патогенетикалык механизмдер — өнөкөт сезгенүү, оксидативдик стресс жана митохондриялык дисфункция талдоого алынат. Тамактанууну жакшыртууга жана ЖЭО жүгүн азайтууга багытталган мамлекеттик чаралар жана сунуштар да каралат [1, 5–12, 19, 20]. Максаты. Кыргыз Республикасынын калкынын тамактануу түзүмүнө комплекстүү анализ жүргүзүү, анын жугуштуу эмес оорулардын жайылышына тийгизген таасирин баалоо, тамактануунун ден соолукка тийгизген негизги патофизиологиялык механизмдерин аныктоо жана рационду жана азык-түлүк чөйрөсүн жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу. Материалдар жана ыкмалар. 2015–2025-жылдардагы эл аралык илимий адабияттарга (ДСУ, ФАО, Nature Reviews, The Lancet), ошондой эле улуттук изилдөөлөргө — STEPS 2019, COSI 2021–2023 жана FEEDCities 2021 — аналитикалык обзор жүргүзүлдү. Тамактануунун глобалдык, регионалдык жана улуттук тенденцияларын салыштырма талдоо аткарылды. Натыйжалар. Тамактануу жугуштуу эмес оорулардын өнүгүшүндөгү негизги коркунуч фактору болуп саналат жана бул оорулар Кыргызстанда өлүмдүн жана майыптыктын түзүмүндө алдыңкы орунду ээлейт. Тузду, кантты, каныккан жана транс майларды, ультра-иштетилген азыктарды ашыкча колдонуу, ошондой эле жашылча-жемиштердин, тамак-аш булактарынын жана микронутриенттердин жетишсиз керектелиши семирүүнүн, артериалдык гипертензиянын, 2-типтеги кант диабетинин, жүрөк-кан тамыр ооруларынын жана рак ооруларынын айрым түрлөрүнүн өсүшүнө алып келет. Улуттук изилдөөлөрдүн (STEPS 2019, COSI 2021–2023, FEEDCities 2021) маалыматтары Кыргызстандын калкынын тамактануу жүрүм-турумунда терс тенденциялар бар экенин тастыктайт [2–4]. Корутунду.Тамактануу жугуштуу эмес оорулардын модификациялануучу коркунуч фактору катары негизги роль ойноорун эске алуу менен, ден соолукка пайдалуу азык-түлүк чөйрөсүн жана туура тамактануу жүрүм-турумун калыптандыруу улуттук коомдук саламаттык сактоо саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болушу керек. ДСУнун сунуштарына жана улуттук стратегияларга негизделген секторлор аралык чараларды ишке ашыруу жугуштуу эмес оорулардын жүгүн азайтып, Кыргыз Республикасынын калкынын жашоо сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт [1, 6, 9–11, 19, 20].