Корутунду
Корутунду
Изилдөө максаты. Бийик тоолуу шарттарда өпкөнүн өнөкөт оорусу (ӨӨО) менен ооругандардын спирометриялык көрсөткүчтөрүн изил дөө.
Изилдөө материалы жана ыкмалары. Изилдөөгө 86 бийик тоолуу шартында жашаган, ӨӨО менен ооруган жашоочулар (1-топ); Жапыз тоолуу шарында жашаган, ӨӨО менен ооруган 100 бейтап (2-топ) жана көзөмөлдөө тобунда 86 адам (стандарттуу географиялык шарттарда жашаган дени сак бейтаптар). Спирометрия учурунда төмөнкү көрсөткүчтөр изилденген: өпкөнүн жашоо жөндөмдүүлүгү, өпкөнүн мажбурланган жашоо сыйымдуулугу, мажбурланган дем чыгаруу көлөмү, эң жогорку дем чыгаруу агымы. Алынган натыйжаларды талдоо “STATISTICA for Windows Version 10.0” (Statsoft, Inc, АКШ) программасын колдонуу менен жүргүзүлгөн.
Натыйжалар. Бийик тоолуу шарттарда жашаган бейтаптардын ӨЖСнын (өпкөнүн жашоо сыйымдуулугу) мааниси бийик тоолуу шарттарда жашаган дени сак адамдарга (65,9 ± 1,8 л жана 88,4 ± 2,4 л) караганда бир кыйла төмөн. МДЧК1 параметрин талдоодо (1 секунданын ичинде мажбурлап дем чыгаруу көлөмү) дени сак адамдарга салыштырмалуу бийик жана жапыз тоодо жашаган ӨӨО менен ооруган бейтаптарда азайгандыгы байкалган (тиешелүүлүгүнө жараша 52,5 ± 2,3 л; 50,8 ± 2,0 л. 72,4 ± 1,7 л. ), p <0,05. Бийик тоолордо жашагандардагы ДЧЖЫнын(дем чыгаруунун эң жогорку ылдамдыгы) көрсөткүчү да окшош географиялык шарттарда жашаган дени сак респонденттерге салыштырмалуу төмөн болгон (тиешелүүлүгүнө жараша 53,6 ± 2,3% жана 64,4 ± 2,3%).
Жыйынтыгы. 1.Бийик тоолуу шарттарда жашаган ӨӨО менен ооруган бейтаптардын спирометриялык параметрлерин (ӨЖС, ӨМЖС/өпкөнүн мажбурлап дем чыгаруу сыйымдуулугу), МДЧК1, ДЧЖЫ) изилдөө бийик тоолордо жашаган дени сак адамдардын көрсөткүчтөрүнүн натыйжаларына салыштырмалуу алардын олуттуу төмөндөшүн далилдейт (p<0,05 ; <0,001).
2.Бийик тоолуу шарттарда жашагандардын дем алуу ылдамдыгы жапыз тоолуу шартта жашаган ӨӨО менен ооруган бейтаптарга караганда көрсөткүчтөр бир кыйла төмөн болгон (мүнөтүнө 20,9 ± 0,3 жана мүнөтүнө 22,9 ± 0,3, p = 0,001).