Кыргызстандын Саламаттык Сактоо
Zdravoohraneniye Kyrgyzstana

ISSN 1694-8068 (Print)

ISSN 1694-805X (Online)

Эпидемиологиялык талдоо: бишкек шаарында жол-транспорт кырсыктарынан болгон өлүм-житимдин жыныстык жана жаш курактык өзгөчөлүктөрү (2019– 2023-жылдар)

Эпидемиологиялык талдоо: бишкек шаарында жол-транспорт кырсыктарынан болгон өлүм-житимдин жыныстык жана жаш курактык өзгөчөлүктөрү (2019– 2023-жылдар)
Полный текст  

Корутунду

Киришүү. Жол-транспорт кырсыктары (ЖТК) дүйнө жүзү боюнча коомдук саламаттыкты сактоо жаатындагы олуттуу көйгөйлөрдүн бири болуп саналат. Жыл сайын дүйнөдө болжол менен 1,3 миллион адам ЖТКнын кесепетинен каза болуп, 50 миллиондон ашууну жаракат алат. Бул кырсыктардан улам келип чыккан экономикалык жоготуулар, анын ичинде эмгекке жөндөмдүүлүктүн жоголушу, дарылоо жана реабилитация чыгымдары, үй-бүлөлөр үчүн олуттуу финансылык жүк болуп саналат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, ЖТКдан болгон өлүмдөрдүн 90%дан ашыгы орто жана төмөн кирешелүү өлкөлөрдө катталат. Кыргызстанда да бул маселе актуалдуу бойдон калууда, анткени акыркы жылдары автоунаалардын санынын өсүшү, урбанизациянын тездеши жана жол коопсуздугу боюнча стандарттардын жетишсиздиги байкалууда. Изилдөөнүн максаты.Бул изилдөөнүн максаты — 2019–2023-жылдар аралыгында Бишкек шаарында ЖТКдан болгон өлүм-житимдин жыныстык жана жаш курактык өзгөчөлүктөрүн баалоо. Материалдар жана ыкмалар. Изилдөө үчүн маалымат булагы катары Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин С51 формасы колдонулду, анда каза болгондордун жынысы, жаш курагы жана өлүм себептери боюнча маалыматтар камтылган. Ошондой эле, Бишкек шаарынын калкынын жынысы жана жаш курагы боюнча бөлүнүшү эске алынды. Өлүм себептери Эл аралык оорулардын классификациясынын 10-кайра каралган версиясынын V00–V99 коддору боюнча классификацияланды. Жаш курактык топтор 5 жылдык интервал менен бөлүнүп, ар бир жыныс үчүн өзүнчө эсептелди. Маалыматтар Microsoft Excel программасынын жардамы менен иштелип чыкты жана визуалдаштырылды. Натыйжалар. 2019–2023-жылдар аралыгында Бишкек шаарында ЖТКнын кесепетинен 566 адам каза болгон, алардын ичинен 179у аялдар жана 368и эркектер. Каза болгондордун ичинен эмгекке жөндөмдүү курактагы (16–64 жаш) адамдардын үлүшү аялдар арасында 68%, эркектер арасында 76,8% түздү. Өлүм-житимдин деңгээли жаш курак менен жогорулап, эркектерде өспүрүм курактан баштап аялдарга караганда бир нече эсе жогору болду. 2022-жылы 70 жаштан жогору курактагы эркектер арасында өлүм-житимдин эң жогорку көрсөткүчү 100 000 калкка 169,5 учурду түздү. 2020-жылы өлүм-житимдин деңгээли төмөндөп, бул COVID-19 пандемиясы учурунда калктын мобилдүүлүгүнүн азайышы менен түшүндүрүлөт. Бирок 2021–2023-жылдары бул көрсөткүч кайрадан жогорулады, өзгөчө 20–49 жаштагы эркектер арасында. Жыйынтык. Бишкек шаарында ЖТКдан болгон өлүм-житим негизинен эмгекке жөндөмдүү курактагы эркектер жана ар кандай курактагы улгайган адамдар арасында катталууда. Эркектердин жогорку өлүмжитим деңгээли жүрүм-турум факторлору жана жыныстык стереотиптер менен байланыштуу болушу мүмкүн. Бул тенденциялар ЖТКдан болгон өлүм-житимди азайтуу үчүн жыныстык жана жаш курактык өзгөчөлүктөрдү эске алган алдын алуу программаларын иштеп чыгуунун зарылдыгын көрсөтөт.

Авторлор жөнүндө

Курманова Айдана Рустамовна, аспирант, Национального института общественного здоровья, Бишкек, Кыргызская Республика

Тен Елена Евгеньевна, кандидат медицинских наук, с.н.с.,  И.о. доцента кафедры Общественного здоровья, Международной Высшей школы медицины; Руководитель сектором медико-социальных исследований, Национального института общественного здоровья при МЗ КР, Бишкек, Кыргызской Республики
Касымова Рано Оморовна, доктор медицинских наук, профессор, кафедры общей гигиены Кыргызско-Российского Славянского университета имени Б. Н. Ельцина, Бишкек, Кыргызская Республика

Шилтемелер

Авторлор Курманова А.Р., Тен Е.Е., Касымова Р.О.
Ссылка doi.org https://dx.doi.org/10.51350/zdravkg2025.1.3.2.17.23
Беттер 17-23
Орусча
Об авторах

Курманова Айдана Рустамовна, аспирант, Национального института общественного здоровья, Бишкек, Кыргызская Республика

Тен Елена Евгеньевна, кандидат медицинских наук, с.н.с.,  И.о. доцента кафедры Общественного здоровья, Международной Высшей школы медицины; Руководитель сектором медико-социальных исследований, Национального института общественного здоровья при МЗ КР, Бишкек, Кыргызской Республики
Касымова Рано Оморовна, доктор медицинских наук, профессор, кафедры общей гигиены Кыргызско-Российского Славянского университета имени Б. Н. Ельцина, Бишкек, Кыргызская Республика

Полный текст

PDF (RUS)

Көрүүлөр: 60
Copyright MAXXmarketing GmbH
JoomShopping Download & Support