Корутунду
Корутунду
Киришүү. Коронавирустук инфекция (COVID-19) пандемиясы Кытайда пайда болуп, 2020-жылдын
башында дээрлик бүт дүйнөгө таасирин тийгизген. Коомдук саламаттыкты сактоонун натыйжалуу чараларын
түшүнүү жана маалымдоо үчүн биз Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Нарын шаарларынын бойго жеткен
калкынын билимине, мамилесине жана практикасына сурамжылоо жүргүздүк.
Изилдөө методдору. 2021-жылдын август айында Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Нарын шаарларынын
бойго жеткен калкын сурамжылоо менен секциялык изилдөө жүргүзүлгөн. Изилдөөнүн катышуучуларын тартуу
үчүн жөнөкөй эки этаптуу кластердик тандоо ыкмасы колдонулган. Анализ Epi Info 7 статистикалык програм-
масын колдонуу менен жүргүзүлдү.Өзгөрмөлөр жыштык жана пайыз катары суммаланган.
Натыйжалар. Сурамжылоо Бишкек шаарынын 1390 (86%) жана Нарын шаарынын 234 (14%) чоң тургундарынын
арасында жүргүзүлгөн. Бардыгы болуп 1624 анкета талданып, жооп берүү көрсөткүчү 95% түздү, анын ичинен
918 (57%) эркектер жана 706 (43%) аялдар. Изилдөөнүн катышуучуларынын орточо жашы 35 жашты түздү, стан-
дарттык четтөө 14,9. Сурамжылоого катышкандардын 1490у (92%) адамдар COVID-19 тыгыз байланышта болгон
адамдан адамга жугушу мүмкүн экенин билишкен, 1371и (84%) COVID-19 инфекциясын жуктурган адам виру-
стун белгилери жок болсо да башкаларга жугуза аларын билишкен. 1446 (89) беткап кийүү маанилүү экенин бел-
гилешти, бирок 1255 (77) респондент гана беткап тагынышат, 1440 (89) бөлмөдө физикалык аралыкты сактоо
маанилүү экенин белгилешти, бирок 955 (59) гана суралган респонденттер аралыкты сакташкан, 1556 ( 96) коом-
дук жайларга баргандан кийин колду жууш керек экенин айтышкан.
Жыйынтыктар. COVID-19 глобалдык коркунучу уланып жаткандыктан, билимди жана практиканы өркүндөтүү
зарыл. Жалпысынан, биздин изилдөөнүн натыйжалары катышуучулардын COVID-19 жөнүндө адекваттуу билим
деңгээли, жакшы мамилеси бар, бирок начар практиканы көрсөтүп жатканын көрсөтүп турат.