Корутунду
Корутунду
Корутунду. Жаактагы радикулярдык киста сыяктуу жаак-беттеги жугуштуу- сезгенген оорунун полимикробдук этиологиясы бар. Сөөк кемтиги аймагындагы микробдук флоранын сапаттык курамын жана анын
антибактериалык препараттарга генетикалык туруктуулугун аныктоо бейтапты дарылоонун тактикасын
тандоодо маанилүү болот.
Изилдөөнүн максаты радикулярдуу кистасы бар бейтаптардын ар кандай антибактериалдык препараттарга козгогучтардын генетикалык туруктуулугун баало менен микробдук флоранын сапаттык жана сандык курамын аныктоо.
Материалдар жана изилдөө усулдары: биздин көзөмөлүбүздө экинчи ирет цистэктомия жасалган жаактын радикулярдуу кисталары менен ооруган 40 бейтап болгон. Операция учурунда жана операциядан
кийинки мезгилде сөөк кемтиги болгон жердеги микробдук флоранын курамы жөнүндө маалыматтарды
алуу максатында кошумча молекулярдык биологиялык изилдөөлөр жүргүзүлдү.
Жыйынтыгы. Молекулярдык биологиялык изилдөөнүн натыйжалары боюнча, ооз көңдөйүнүн анаэробдук микрофлорасы аныкталды, ал периодонтапатогендик жана турукташтыруучу микроорганизмдердин
эки негизги тобун камтыган. Козгогучтардын генетикалык туруктуулугунун болушуна ПТР
изилдөөлөрүнүн натыйжалары төмөнкүлөрдү көрсөттү. Бардык үлгүлөрдө (n = 40) микроорганизмдердин
β-лактамдарга жана тетрациклиндерге туруктуулугу аныкталды. Макролиддерге жана фторхинолондорго
туруктуулук 50% (n = 20) үлгүлөрүндө аныкталган. Метронидазолго туруктуулук бир дагы үлгүдө аныкталган эмес.
Кортунду: изилдөө кистанын көңдөйүндө 3 же андан ашык пеирдонталдык козгогучтардын 103 ГЕ / мл
жана андан жогору концентрацияда экендигин аныктоого мүмкүндүк берди, бул ушул микроорганизмдердин бирикмесин жана алардын оорунун башталышындагы басымдуу ролун көрсөтөт.