Корутунду
Корутунду
Киришүү. Коргошун (Pb) — балдардын эрте жаш курактагы саламаттыгына терс таасир тийгизген артыкчылыктуу уулуу заттардын бири болуп саналат, айрыкча нейрокогнитивдик жана соматикалык өнүгү- үнүн интенсивдүү мезгилинде [4]. Айлана-чөйрөнү коргоо жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук боюнча жергиликтүү программалар бар болгонуна карабастан, 2024-жылга чейин Кыргыз Республи- касында 13–72 айлык балдардын канындагы коргошундун концентрациясы боюнча системалуу, калкка негизделген маалыматтар жок болгон. Бул боштук көйгөйдүн масштабын объективдүү баалоого, корку- нучтарды стратификациялоого жана далилдүү алдын алуу чараларын пландаштырууга тоскоолдук кылган. [1]. Максат. 6 жашка чейинки балдардын канындагы коргошундун деңгэ элин баалоо жана анын жогору деңгээлде кездешүүсүнүн таралышын аныктоо. Материалдар жана ыкмалар. Изилдөө республиканын 21 калктуу конушунда жүргүзүлдү. Алардын ичинен 18и коргошун деңгээли коопсуз деп эсептелген аймактар болуп саналат; бул аймактардан 13–72 айлык 930 бала камтылды. Калган үч калктуу конушта коргошундун деңгээли жогору экени аныкталган — тактап айтканда, коргошун менен булганган аймактар: Советское айылы (Баткен облусу), Майлуу-Суу шаары (Жалал-Абад облусу) жана Ак-Түз айылы (Чүй облусу). Бул аймактарда 173 баланын маалыматтары изилденди. Жалпысынан изилдөөгө 1 103 бала камтылды.Үлгү көп баскычтуу кокустук тандоо ыкмасы менен түзүлүп, аймактарды, калктуу пункттарды, үй чарбаларын жана балдарды ырааттуу тандоону камтыган, бул географиялык бөлүштүрүү, калктуу пункттун түрү жана социалдык-экологиялык жашоо шарттары боюнча репрезентативдүүлүктү камсыз кылган. Канындагы коргошундун концентрациясын лабораториялык скрининг капиллярдык кан аркылуу 3,3 мкг/дл минималдуу аныктоо чеги бар көчмө LeadCare II анализатору менен жүргүзүлгөн [2]. Изилдөөнүн экологиялык бөлүгү үй чарбаларын текшерүүнү жана беттерде жана үй-тиричилик буюмдарында коргошунду аныктоо үчүн рентген-флуоресценттик (XRF) ыкманы колдонууну камтыган [4,5]. Мындан тышкары, ата-энелер жана камкорчулар арасында сурамжылоо жүргүзүлүп, балдарда коргошун менен уулануу коркунучун жогорулата турган жүрүм-турумдук, тиричилик жана айлана-чөйрөлүк факторлор изилденген [1,4,5]. Натыйжалар. Улуттук деңгээлде Кыргызстандагы ар бир бешинчи балада (21%) ДССУнун сунуштарына ылайык чара көрүүнү талап кылган чектен (5 мкг/дл) ашкан коргошундун деңгээли аныкталган. Бул тынчсыздануу жаратат, анткени алынган маалыматтар экологиялык жактан булганган аймактарда жашаган балдарга гана эмес, жалпы калк ичиндеги кичинекей балдардын коргошунга дуушар болуу деңгээлин чагылдырат. Улуттук репрезентативдүү үлгүдө коргошунга дуушар болуу деңгээли демографиялык көрсөткүчтөр жана аймактар боюнча айырмаланган. Канындагы коргошундун жогору деңгээлдери эркек балдарда, улуу жаштагы балдарда, айыл жеринде жашагандардажана ата-энелери/камкорчуларынын билим деңгээли төмөн болгон балдарда көбүрөөк байкалган. Булганган аймактарда жашаган балдардын канындагы коргошундун деңгээли улуттук орточо көрсөткүчкө салыштырмалуу кыйла жогору болгон. Орточо деңгээлдер булганган аймактарда жашаган эркек балдарда кыздарга караганда жогору болгон. Жыйынтык. Бул изилдөө Кыргызстанда 13–72 айлык балдардын коргошун жүгү боюнча биринчи улуттук далилдүү баалоону камсыздап, аймактык теңсиздикти, Pb-экспозициясынын кумулятивдик мүнөзүн жана келечектеги байкоо циклдери үчүн көчмө жана референттик лабораториялык ыкмалардын колдонууга ылайыктуулугун тастыктады. Алынган жыйынтыктар тереңдетилген аналитикалык жана эпидемиологиялык талдоолор үчүн, ошондой эле балдар арасындагы коргошунду мониторингдөө программаларын мындан ары кеңейтүү үчүн ишенимдүү негиз болуп саналат.