Кыргызстандын Саламаттык Сактоо
Zdravoohraneniye Kyrgyzstana

ISSN 1694-8068 (Print)

ISSN 1694-805X (Online)

МЕДИЦИНАДА АДАМДЫН ИНСАНДЫК КАДЫР-БАРКЫН УРМАТТОО: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТАЖРЫЙБАСЫНЫН НЕГИЗИНДЕ ЭТИКАЛЫК-УКУКТУК ТАЛДОО ЖАНА ПЕРСПЕКТИВАЛАРЫ

МЕДИЦИНАДА АДАМДЫН ИНСАНДЫК КАДЫР-БАРКЫН УРМАТТОО: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТАЖРЫЙБАСЫНЫН НЕГИЗИНДЕ ЭТИКАЛЫК-УКУКТУК ТАЛДОО ЖАНА ПЕРСПЕКТИВАЛАРЫ
 

Корутунду

Макалада Кыргыз Республикасында адамдын инсандык кадыр-баркын урматтоо принциптеринин медицина тармагында ишке ашырылышы укуктук жана этикалык көз караш менен талдоого алынат. 2024-жылдын 12-январында кабыл алынган “Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” мыйзамдын 153-беренесине басым жасалып, анын медицина кызматкерлеринин бейтаптарга болгон мамилесине тийгизген таасири, биоэтикалык жана укуктук аспектилери каралат. Изилдөө адамдын ден соолугун эң жогорку баалуулук катары таануунун укуктук негиздерин, бейтаптардын укуктарын коргоо, медициналык этиканын эл аралык стандарттары менен шайкештигин жана практикалык көйгөйлөрдү талдайт. Медицина кызматкерлеринин милдеттери, бейтаптардын автономиясын урматтоо принциптери жана кыргыз маданиятындагы "урматтоо" түшүнүгүнүн өзгөчөлүктөрү да каралат. Жыйынтыгында, бул принциптерди эффективдүү ишке ашыруу үчүн укуктук механизмдерди бекемдөө, медициналык билим берүү программаларын өркүндөтүү жана медициналык кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу зарылдыгы белгиленет.

Авторлор жөнүндө

Шилтемелер

Көрүүлөр: 15
Copyright MAXXmarketing GmbH
JoomShopping Download & Support