Кыргызстандын Саламаттык Сактоо
Zdravoohraneniye Kyrgyzstana

ISSN 1694-8068 (Print)

ISSN 1694-805X (Online)

Ооздун былжыр челинин рагы менен ооруган бейтаптарды дарылоонун узак мөөнөттүү натыйжалары

Ооздун былжыр челинин рагы менен ооруган бейтаптарды дарылоонун узак мөөнөттүү натыйжалары
Полный текст Full text  

Корутунду

Маселенин актуалдуулугу. НУР, хирургиялык, дары-дармек жана криогендик дарылоонун негизги методдорун, ошондой эле алардын ар кандай айкалыштарын колдонуунун натыйжаларына канааттанбоо дарылоонун жаңы оптималдуу түрлөрүн иштеп чыгуу үчүн негиз болуп саналат. Изилдөөнүн максаты: ооздун былжыр челинин рак оорусун аныктоо жана дарылоо натыйжаларын жакшыртуу. Материал жана методдор. Ооздун былжыр челинин рагы менен ооруган 202 бейтаптын тарыхы жана дарылоо натыйжалары боюнча анализ жүргүзүлдү. Жалпы оорулуу эркектер 121(59,9%) жана 81(40,1%) аялдар болгон. Рактын биринчи стадиясында - 3,0%, экинчи - 35,6%, үчүнчү - 32,7% жана төртүнчү - 28,7% бейтаптар аныкталган. Бул патологияны текшерүү учурунда аныктоого мүмкүн болгонуна карабастан, бейтаптардын 61,4% өнүккөн стадияларда (III - IV стадияларында) түшкөн. Ооз көңдөйүндөгү локализациялардагы шишиктердин эң көп кездешкени - 77 бейтаптын тил (38,1%), андан кийин - 44 бейтаптын төмөнкү жана үстүңкү жаагынын альвеолярдык бөлүгү (22,8%) жана - 34 бейтаптын (16,8%) ооз көңдөйүнүн түбү болгон. Ооздун былжыр челинин рагы менен ооругандарда колдонулган дарылоо ыкмалары: хирургиялык дарылоо - 30 (14,9%), операциядан кийинки радиотерапия курсу менен хирургиялык дарылоо - 95 (47,0%), нур терапиясы - 32 (15,8 %), радиотерапия + химиотерапия - 33 (16,3%), химиотерапия - 12 (6,0 %). Жыйынтыктар. Үч жылдык жашоо деңгээли Т1 - 83±2,7%, Т2 – 72±3,3%, Т3 – 62±3,5% жана Т4 – 28±3,3% түзөт. Корутунду. Оозеки органдардын рак оорусунун алгачкы мезгилинде, дээрлик - 10% учурларда, дарыгерге биринчи жолу барганда, былжыр челдин жергиликтүү жабыркашы аныкталган эмес. Оору бейтаптардын - 25% байкалган. Дарылоонун нурдуу ыкмасы ооз көңдөйүнүн шишиктери менен ооругандардын - 79,1% колдонулган, мында хирургиялык кийлигишүү менен айкалышта - 47,0%, химиотерапия менен – 16,3% жана бейтаптардын 15,8% өз алдынча ыкма катары колдонулган. Ооздун органдардын рагын дарылоонун натыйжаларын жакшыртуу, биринчи кезекте, рактын алгачкы диагнозун тактоодон көз каранды. Ар кандай авторлордун байкоолору боюнча, ооздун былжыр челдин рагынан каза болгондордун 80% залалдуу шишикти эрте табылганда алдын ала эскертилген болушу мүмкүн.

Авторлор жөнүндө

Шилтемелер

Авторлор Жумабаев А.Р., Мамажакып уулу Жаныбай, Рыспекова Ч.Д.
Беттер 165
Орусча
Полный текст

PDF (RUS)

Англисче
Full text

PDF (RUS)

Көрүүлөр: 82
Copyright MAXXmarketing GmbH
JoomShopping Download & Support