Корутунду
Корутунду
Киришүү. Макалада бруцеллезду көзөмөлдөөнү жакшыртуу максатында Жалал-Абад облусунун 2020-2022-жылдардагы шаар тургундарынын бруцеллезуна эпидемиологиялык анализ, оорунун түзүмү жана эпизоотиялык баалоо келтирилген. Изилдөөнүн максаты - облус боюнча шаар калкынын бруцеллез оорусунун өзгөчөлүктөрүнө эпидемиологиялык анализ жүргүзүү. Материалдар жана методдор. Облустук оорулардын алдын алуу жана санитардык – эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун маалыматтарына негизделген, айлык жана жылдык отчеттук №1 формасы, "Инфекциялык жана мите оорулар жөнүндө" формалары, райондук жана шаардык МСЭКБ, облустук санитардык эпидемиологиялык башкаруу центрине көрсөтүлгөн формалар колдонулду. Натыйжалар жана талкуулар. Акыркы үч жылда облустун аймактарында, өзгөчө бийик тоолуу райондордо оорурунун өсүү тенденциясы байкалып, шаар калкында азайуу байкалган. Ошондой эле 14 жашка чейинки балдар арасында бруцеллездун өсүшү 1,4 эседен 3,2 эсеге чейин байкалган. Бруцеллез оорусунун структурасында курч бруцеллез биринчи орунда турат - 92,4%, экинчи орунда өнөкөт 5,2% жана субактуалуу турат -2,3% кездешет. Бруцеллез диагнозу клиникалык-лабораториялык түрдө 5,3%, бактериологиялык методдун жардамы менен 68,7% жана клиникалык-эпидемиологиялык 31,2% көрсөтүлгөн. Жыйынтыгы. Ошентип, Жалал-Абад облусунун шаарларында жашаган калктын бруцеллез оорусу акыркы үч жылда 32,0 дөн 17,4 кө 100 миң калк көрсөтүчкүндө азайган, мында облустун райондорунда оорунун өсүү тенденциясы байкалган (18,7-24,2 ден 100 миң калкка).