Корутунду
Корутунду
Киришүү. Өпкөнүн залалдуу шишиктери дүйнө жүзү боюнча онкологиялык оорулардан өлүмгө алып келүүчү эң негизги себеп болуп эсептелет. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) статистикасына
ылайык, жыл сайын 2,21 миллион адамда өпкөнүн залалдуу шишиктери аныкталат (бул жалпы онкологиялык оорулардын 14% түзөт),
жана 1,79 миллион адам бул оорудан каза болот (жалпы өлүмдөрдүн 15,7%). SARS-CoV-2 коронавирус пандемиясынын жайылышы өпкөнүн залалдуу шишиктери менен жабыркаган бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүдө олуттуу кыйынчылыктарды жаратты. Өпкөнүн залалдуу шишиктери менен жабыркаган бейтаптарда ооруга байланыштуу, ошондой эле жүргүзүлгөн дарылоо ыкмаларынан улам иммунитет кескин төмөндөйт. Бул COVID-19га карата организмдин сезимталдыгын жогорулатат жана оорунун оор түрлөрүнүн чыгуу коркунучун көбөйтөт. Демек, ар кандай онкологиялык оорулары жана башка коштоочу оорулары бар адамдар оорунун оор түрүнө кабылганда тобокелдикке көбүрөөк дуушар болушат. Бул обзордо адамдын коронавирусунун, анын ичинде SARS-CoV-2нин келип чыгышы жана эволюциясы тууралуу дүйнөлүк илимий адабияттардын маалыматтары берилет. Ошондой эле оорунун жүрүшүн татаалданткан жана прогнозду начарлаткан тобокелдик факторлору, коштоочу оорулардын кесепеттери каралат. Мындан тышкары, SARS-CoV-2нин эволюция сынын COVID-19 диагностикасына тийгизген таасири талданат. Ошондуктан медициналык коомчулук келечектеги коронавирус инфекциясынын жаңы варианттарына жана чыгышына даяр болушу керек. Изилдөөнүн максаты. Адамдын коронавирусунун, айрыкча SARS-CoV-2нин жана анын варианттарынын өпкөнүн залалдуу шишиктеринин диагностикасына, клиникалык жүрүшүнө жана прогнозуна тийгизген таасирин изилдөө. Материалдар жана ыкмалар. Адамдын коронавирусунун келип чыгышы жана эволюциясы, анын ичинде SARS-CoV-2 жана анын варианттары боюнча дүйнөлүк илимий адабияттардын маалыматтары кенен изилденген. Натыйжалар жана талкуулоолор. Илимий адабияттардын жана жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн негизинде COVID-19 пандемиясы онкологиялык оорулар, айрыкча өпкөнүн залалдуу шишиктери менен жабыркаган бейтаптардын диагностикасына жана дарылоосуна олуттуу таасирин тийгизгени аныкталды. Негизги көйгөй коронавирус пневмониясын жана өпкөнүн залалдуу шишиктерин дифференциалдык диагностикалоонун татаалдыгы, ошондой эле иммунитети начар бейтаптарда оорунун оор жүрүшү болду. Кошумча чектөө чаралары жана медициналык тактикадагы өзгөрүүлөр, мисалы, дистанттык консультацияларга өтүү, операцияларды жана скринингдик процедураларды кийинкиге калтыруу абалды начарлатты. Жыйынтык. Чет элдик адабияттардын жана жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн маалыматы боюнча COVID-19 пандемиясы өпкөнүн залалдуу шишиктери менен жабыркаган бейтаптарды дарылоо жана алардын прогнозуна терс таасирин тийгизген. Медициналык коомчулук келечектеги пандемияларга өз убагында жооп кайтаруу үчүн бул тажрыйбаны эске
алышы керек. Өзгөчө көңүл онкологиялык ооруларды жаңы инфекциянын чыгышы шарттарында диагностикалоо жана дарылоо стратегияларын иштеп чыгууга бурулушу зарыл.