Кыргызстандын Саламаттык Сактоо
Zdravoohraneniye Kyrgyzstana

ISSN 1694-8068 (Print)

ISSN 1694-805X (Online)

Бинокулярдык көрүү бузулганда шериктеш чалыр көздүүдө амблиопияны комплекстүү дарылоонун натыйжалуулугу

Бинокулярдык көрүү бузулганда шериктеш чалыр көздүүдө амблиопияны комплекстүү дарылоонун натыйжалуулугу
Полный текст Full text Толук текст  

Корутунду

Изилдөөнүн максаты- Бинокулярдык көрүүнүн бузулушу менен шериктеш чалыр көздүүдө дисбинокулярдык амблиопияны комплекстүү дарылоонун натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү. Материал жана дарылоо ыкмалары.100 бейтап дарыланган (158 көз) — шериктеш эки ача чалыр көздүү - 54 бейтап (86 көз), жана бириккен чалыр көздүү - 46 бейтап (72 көз). Контролдук тайпа —эмметропия менен 10 адам (20 көз). 3 жашка чейинки орточо курак ‒2,4±0,45жаш, 3 төн 7 жашка чейин — 4,8±0,07 жана 7 жаштан жогору —8,3±0,4. 10°—40ка чейин бурчтуу чалыр көздүү бейтаптар (80 көз); 11° дан 15° ке чейин —25 бейтап (40 көз), 15° тан жогору ‒35 (38 көз). Гиперметропиялык астигматизм менен — 69 бейтап (111 көз), жогорку даражадагы гиперметропия менен —31 бейтап (47 көз). Жеӊил даражадагы амблиопия ‒28 бейтап (40 көз), орточо даражадагы ‒48 бейтап (84 көз) жана оор даражадагы —24 бейтап (26 көз). Комплекстүү терапиянын негизинде үч баскычтуу ыкма колдонулду: биринчи баскыч- ВВЗЦ ны аныктоо менен каректин-аккомодативдик тутумуна жана каректин реакциясынын (V) ылдамдыгына таасир этүү (түскө импульстук терапия, “Фокус”, “Relax” аппараттары, вакуумдук Сидоренко көз айнеги, үйдөн көнүгүү жасоо). Экинчи баскычта — көздүн торчосунун колбочкаларына таасир этүү — “Гүл”, “Крестиктер”, “Жөргөмүш” программалары, кванттык нурлар, окклюзиялар жана пенализация. Үчүнчү баскыч — бификсация рефлексин калыбына келтирүү: “Айкалыштыруу”, “Биригүү”, “Тренажер” компьютердик программалары, 0,1% р-р Семакс схемасы боюнча мурунга тамчылатуу. Натыйжалар. ВВЗЦны 1400±0,74 м/с дан 900±2,08 м/с (P<0.01) га чейин кемитүү, V каректик реакцияны 1,5±0,17мм/с дан 2,8±0,05мм/с (P<0.01) га чейин көбөйтүү алынды; ОAA жана ЗААны 14,4±0,23D b 5,2±0,27D, КГда—14,65±0,8. (P<0.05) жогорулатуу, алысты көрүүнүн курчтугун 0,83±0,12га чейин жогорулатуу, 72,2% учурда (68 бейтап) — бинокулярдык көрүү өөрчүгөн. Жыйынтыгы. Дисбинокулярдык амблиопияны дарылоонун комплекстүү ыкмасынын натыйжалуулугу көрүү тутумунун бардык звенолоруна таасир этүүсү менен шартталган.

Авторлор жөнүндө

Бердибаева Айжамал Ибраимовна, аспирант, врач- офтальмолог, кафедра- глазных болезней,Кыргызского государственного медицинского института переподготовки и повышения квалификации имени С. Б. Даниярова, Бишкек, Кыргызская Республика

Шилтемелер

Авторлор Бердибаева А.И.
Ссылка doi.org https://doi.org/10.51350/zdravkg202131161
Беттер 61-70
Негизги сөздөр дисбинокулярдык амблиопия, шериктеш чалыр көз, билим берүү, чалыр көз
Орусча
Об авторах

Бердибаева Айжамал Ибраимовна, аспирант, врач- офтальмолог, кафедра- глазных болезней,Кыргызского государственного медицинского института переподготовки и повышения квалификации имени С. Б. Даниярова, Бишкек, Кыргызская Республика

Полный текст

PDF (RUS)

Англисче
Full text

PDF (RUS)

Кыргызча
Толук текст

PDF (RUS)

Көрүүлөр: 2299
Copyright MAXXmarketing GmbH
JoomShopping Download & Support