Корутунду
Корутунду
Изилдөөнүн максаты - Кыргызстандын Ош облусунда SARS-CoV-2 жуктуруп алгандардын, дарттын
оордугуна жараша, клиникалык өзгөчөлүктөрүн, лабораториялык жана аспаптык көрсөткүчтөрүнүн жыйынтык-
тарын изилдөө.
Материалдары жана изилдөө усулдары. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу
Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын жана Ош шаардык клиникалык ооруканасынын маа-
лыматтары боюнча 2020-жылдын апрель айынан декабрга чейин ПЧР аркылуу тастыкталган 71 COVID-19 учу-
руна ретроспективдүү талдоо жүргүзүлдү. Биз демографиялык, клиникалык маалыматтарды, коштолгон
оорулардын бар-жоктугун, лабораториялык изилдөөлөрдүн жана көкүрөк көңдөй органдарынын компьютердик
томографиясынын натыйжаларын талдап чыктык.
Натыйжалары. SARS-CoV-2 инфекциясын жуктурган бейтаптарда дарттын клиникалык белгилеринин оорду-
гунун өсүүсү менен тромбоцитопения (p<0,001), лимфопения (p<0,001), лейкоцитоз (p<0,01), D-димер (p<0,01),
фибринген (р<0,05), АСТ жана АЛТ (р<0,001) көрсөткүчтөрүнүн деңгээли жогорулайт. Дарттын оор түрүндө
өпкө тканынын жаралануу көлөмү 50% ашып, КТ3 баскычына туура келет. SARS-CoV-2 инфекциясынын оорло-
шуу коркунучу улгайган курактагы топтордо (p<0,001) көбөйөт, алар коштолгон оорулар: гипертония (51,6%),
жүрөктүн коронардык оорусу (35,3%), ашыкча салмактуулук (20,5) менен байланышкан. Бейтаптарды дарылоо
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин клиникалык колдомолоруна ылайык жүргүзүлгөн.
Корутунду. Кыргызстандын Ош облусундагы COVID-19 менен жабыркаган бейтаптардын клиникалык жана ла-
бораториялык мүнөздөмөлөрү дарттын оордугуна жараша мыйзам ченемдүү түрдө өзгөрүп турган. Изилденген
бардык бейтаптар, анын ичинде оор түрдөгүлөрү, дарылоонун жүрүшүндө абалдары жакшырып, андан кийин
ооруканадан чыгышты.