Корутунду
Корутунду
Бул макалада, манасчынын узак убакытка Манас айтуусуна чейинки жана айтып бүткѳндѳн кийинки учурда
алынган канынын биохимиялык өзгөрүүлөрүн изилдөөсүнүн жыйынтыктары чагылдырылган (12-ноябрда 2020-
жылы манасчы Дөөлөт Сыдыков 14 саат 27 мүнөт тыныгуусуз Манас эпосун айтып, Гиннес рекорддор китебине
кирди.). Бул процесс курч психо-эмоционалдык жана физикалык стресс катары каралды. Изилдөөнүн
жүрүшүндө, биз негизинен стресске сезгич болгон кандын негизги кѳрсѳткүчтѳрүн карадык, атап айтканда: кандын жалпы анализинин көрсөткүчтөрү жана төмөнкү биохимиялык көрсөткүчтөр: тропонин I, кортизол, глюкоза,
холестерин, тѳмѳнкү тыгыздыктагы липопротеиддер (ТТЛП), ѳтѳ тѳмѳнкү тыгыздыктагы липопротеиддер
(ЖТЛП), жалпы белок, лактат. Изилдөөнүн жыйынтыктары тѳмѳнкүлѳрдү көрсөттү: бул процесстин жүрүшүндө
кортизол жогорулаган, бирок ошол эле убакта иммундук системанын бардык көрсөткүчтөру жогорулаган, бул
учурда алар кортизол менен бирге иммундук системанын күчүн жогорулатууда синергист болгонун далилдейт;
кандын ак денечелеринин саны жогорулады, бул иммундук системанын кубаттуу күч менен иштегендигин белгилейт; анаэробдук гликолиз күчѳп, лактаттын ѳтѳ чоң, критикалык санда топтолушуна алып келген, бирок, буга
карабастан, организмдин буфердик системалары жана коргоочу күчтөрү терс кесепеттерден сактады; гемоглобин
жана гематокрит нормалдуу маанилеринин алкагынан четтеген жок, бул стресске карабастан, сапаттуу эритропоэз процесси жүргѳндүгүн далилдейт; күчтүү стресске карабастан, белоктун жалпы саны нормалык ченеминен
четтеген жок; тромбоциттердин саны референстик маанисинен ашкан жок; кан басымы нормадан алыстаган
жок. Бардык жогоруда көрсөтүлгөн көрсөткүчтөр, манасчынын организми жѳнѳкѳй организм адатта чыдай алгыс
курч стресс факторлоруна туруштук бере алганын, ал стрессорлорго оң жооп бергенин жана ийгиликтүү ылайыкташканын далилдейт, анткени манасчы Манас айтууда эң жогорку эмоционалык эргүүгѳ кирген, Манас айтууга жан дүйнѳсү менен берилип, жогорку руханий абалда болгондугун далилдейт. Бул касиет, анын
организмин стрессорлордун терс таасиринен жана терс кесепеттеринен сактап калды.