Корутунду
Корутунду
Максаты. Жыл ичинде терапиялык бөлүмгө түшкөн бкйтаптардагы жүрөктүн өнөкөт жетишсиздигинин (ХСН) декомпенсациясынын себептерин талдоо.
Материалдар жана усулдары. Дизайны – бир убакыттагы ретроспективдүү изилдөө. ЖОЖ декомпенсациясына байланыштуу терапия бөлүмунө түшкөн бейтаптардын оору тарыхына анализ жүргүзүлдү.
Атайын иштелип чыккан изилдөө протоколунда гендердик жана курактык параметрлер, жүрөк-кан тамыр
ооруларынын коркунуч факторлору, клиникалык маалыматтар, кабыл алуудагы диагноз, ушул ооруканага
жаткырылганга чейин жүргүзүлгон амбулатордук этаптагы терапия катталган, лабораториялык жана инструменталдык изилдөө методдорунан алынган маалыматтар белгиленген, коморбиддик индекси эсептелген.
Жыйнтыгы. ЖОЖ декомпенсациясы менен жылына ооруканага бир жолу жаткыруу 13.1% пациенттерде,
жылына 2-3 ооруканага жаткыруу - 62.0%, 4 же андан көп ооруканага жаткыруу - бейтаптардын 24.9%
белгиленген. Ошол эле учурда, амбулатордук этаптагы бейтаптардын 47,1% дары-дармектер менен дарылоо, 75,1% дары-дармексиз иш-чараларды жана өзүн-өзү козомолдоо боюнча врачтардын сунуштарын
сакташкан эмес. Ренинангиотензинальдостерон системасынын блокаторлорун 89,9%, бета-блокаторлорду
- 21,5%, минералокортикоиддик рецепторлордун антагонисттери - 27,9% бейтап алышкан. Негизги диагноз катары бейтаптардын 92,3% гипертония, 58,6% предсердиянын фибрилляциясы, 33,7% миокарддын
инфаркты, 31,6% кант диабети, 21,5% стенокардия белгиленген; өнөкөт бөйрөк оорусунун C3 стадиясы
жана андан жогору деңгээли бейтаптардын 64,6% болгон; 79.9% бейтапта беш же андан көп коморбиддик
индекси болгон. Ооруканага жаткыруу учурунда бейтаптардын 9,4% ӨЖЖ II функционалдык
классына(ФК), III ФК - 70,4%, IV ФК - 20,2% ээ.Бейтаптардын көпчүлүгүндө, 46,1% туруктуу ыргытуу
фракциясы (ЫФ), ортоңку ЫВ - 33,3%, төмөнкү ЫФ - 20,6% болгон. ӨЖЖ декомпенсациясы менен ооруканага түшкөн бейтаптардын 41,4% эркектер, 58,6% аялдар, 90,6% улгайган жана кары курагында болгон.
Эркектерге салыштырмалуу аялдардын арасында тамеки тартуу (66,6% га) жана алкоголдук ичимдиктерди ичүү (60,0% га), физикалык активдүүлүктүн жетиштүү деңгээли (25,6% га), ашыкча салмак жана
семирүү (21ге, 4%) бир кыйла аз кездешкен.
Тыянак. Жүргүзүлгөн талдоо ири адистештирилген ооруканада ӨЖЖ менен ооруган бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүнү оптималдаштырууга багытталган комплекстүү чараларды пландаштырууга
жана иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.