Корутунду
Корутунду
Сероэпидемиологиялык изилдөөнүн максаты коомдук саламаттык сактоо жаатындагы жооп чараларын негиздөө үчүн Кыргыз Республикасынын калкын COVID-19 коронавирус инфекциясына карата калктын иммунитетин жынысына, жашына жана географиялык таралышына жараша баалоо болгон. Методдор. Кыргызстандын бардык аймактарында 2020-жылдын 26-июнунан 25-августуна чейин кайчылаш катмарлуу серологиялык изилдөө жүргүзүлгөн. БМСЖ уюмдары туш келди тандалып алынган жана катышуучуларды туш келди тандоо үчүн ар бир БМСЖдагы адамдардын тизмеси колдонулган. Окутуудан өткөн медицина
кызматкерлери катышуучулардан алардын жашы, жынысы, COVID-19 симптомдору бар экендиги, медициналык жардам жана ооруканага жаткырылгандыгы тууралуу маек куруп, SARS-CoV-2 ге каршы антителолордун жалпы санын аныктоо үчүн кан үлгүлөрүн чогултушту. SARS-CoV-2ге антителолордун серопреваленттүүлүгүн курактык
тобу, жынысы жана аймактар боюнча сүрөттөп берилди. Жыйынтыктар. Изилдөөгө катышкан 4691 адамдын ичинен 1446-30,8% (95% CI 29,5-32,1) SARS-CoV-2ге антителолор болгон. Серопозитивдүүлүк 45-64 жашкурактагы (36,1%; 95% CI 33,5 -38,7) жана башка улуу курактагы топторго салыштырмалуу 0-9 жаш курактагы топто(16,5%; 95% CI 13,8-19,2) эң төмөн болгон, жана ошндой эле эркектер (27,2%; 95% CI 24,8-29,4) жана аялдар (32,5%; 95% CI 31,0-34,2). Түштүк аймактарда серопреваленттүүлүк 13,0 (95% CI 9,7-16,3) 16,3% (95% CI 14,0-18,6), түндүктө 46,0 (95% CI 40 ,7-51,3) 62,7% (95%CI 59,2-69,2) чейинөзгөрдү. Серопозитивдүү 1446 адамдын 925инде (64%; 95% CI 62,2–65,4)арасында COVID-19 симптомдору болгон: 0–9 жаштагы 45,0% баштап (95% CI 36,1–53,9), 65 жаштан жогорку курактагыларда 71% (95% CI 60,3-81,7) чейин. Серопозитивдүү 1446 бейтаптын ичинен 315 (21,8%) медициналык жардамга кайрылышкан, кайрылгандардын үлүшү 65 жаштан жогорку курактаргылардын 19/69 (27,5%) арасында катталган. Серопозитивдүү адамдардын арасында 80 (5,5%) ооруканага жаткырылган. Талкуу. Натыйжалар көрсөткөндөй, калктын 70% жакыны коронавирустук инфекцияга дуушар болуп калууда, улуу курактагылар арасында эмдөө зарылчылыгын жаратты. Ошондой эле балдардын көп бөлүгү SARS-C0V-2 вирусуна серопозитивдүү бойдон калууда. Клиникалык симптомдордун, медициналык жардамдын жана ооруканага жатуунун төмөн көрсөткүчтөрү оорунун жеңил түрү бар бейтаптарды амбулатордук дарылоону сунуштоо үчүн негиз болду.