Корутунду
Корутунду
Макалада 2015-жылдан 2020-жылга чейин жарандык сектор менен салыштырылып жаза аткаруу ту-
тумдагы кургак учуктун абалы, кургак учук менен ооругандардын жана өлүмдөрдүн динамикасы баяндалган.
Улуттук фтизиатрия борборунун Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу тутуму боюнча эсепке алуу жана от-
четтуулук формаларынын маалыматтары колдонулган. 2015-жылы жаза аткаруу тутумунда кургак учук менен
ооругандардын деңгээли жалпысынан 100 000 калкка 2240,2 учурду түзүп, 2020-жылы 6 жылдын ичинде 28%
азайды, кургак учуктан каза болгондордун көрсөткүчү 14,2%г кыскарган. 2015-жылы жаза-аткаруу тутумунда
кургак учуктун жаңы учурлары рецидивге караганда 3,7 эсеге жана мурда дарыланган башка учурларга караганда
8,5 эсеге көп катталган (р <0,001, χ², OR=3,7, 95% CI 2,6-5,4 биринчи салыштырганд жана р <0,001, χ², OR=8,5,
95% CI 5,7-12,8 экинчиде). 5 жылдан кийин кургак учуктун жаңы учурларынын рецидивдер менен салыштыр-
ганда 8 эсеге (p <0,001, χ², OR=8,1, 95% CI 3,5-8,1) жана мурда дарыланган учурларга салыштырмалуу 11 эсеге
чейин олуттуу өсүшү байкалган (p<0,001, χ², OR=11,4, 95% CI 4,8-27,7).Кургак учуктун жаңы учурларынын
үлүшүнүн жакшырышы кургак учуктун эрте аныкталышынын жакшырышы жана камактагылардын арасында
тез-тез скринингден өтүшү менен тыгыз байланышта (анкета, көкүрөк клеткасынын рентгенографиясы жана тез
диагностикалык метод). Xpert-MTB/Rif менен катталган кургак учук менен ооругандардын камтуусу 69,5%ды
түзсө, 2020-жылы 83,8%ды түзгөн.