Корутунду
Корутунду
Киришүү. Кыргыз Республикасында 2021-жылдагы коронавирустук инфекциялык пандемиянын экинчи толкунунан кийинки мезгилде калктын SARS-CoV-2 вирусуна каршы иммунитетине баа берүү үчүн сероэпидемиологиялык изилдөөнүн экинчи туру өткөрүлдү.
Изилдөөнүн максаты- COVID-19 интенсивдүү жайылуу мезгилинде Кыргыз Республикасынын калкынын арасында SARS-CoV-2ге каршы калктын иммунитетинин деңгээлин жана структурасын аныктоо.
Материалдар жана ыкмалар. Изилдөө методдору сероэпидемиологиялык, популяциялык, жаш курагы боюнча стратификацияланган, проспективдүү (кросс-секциялык). Изилдөөнүн материалдары изилдөөгө макул болгон адамдардын сывороткалары жана жеке маалыматтары болгон.
Натыйжалар. Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, республикада 2021-жылдын февраль айында коронавирус инфекциясына антителолору бар адамдардын үлүшү 2020-жылдын июлундагы 30,8%га каршы 71,2% түздү. Региондор боюнча серопреваленттик изилдөөнүн биринчи турунда 13төн 62,7%ке чейин, экинчи турда 63,9дан 77,8%ке чейин өзгөргөн. Изилдөөнүн биринчи турунда 1446 серопозитивдүү адамдын ичинен 925-64,0% (61,5-66,5) COVID-19 белгилерине ээ болгон, ал эми экинчи турда 3372/1696-50,3% (48,6-52,0) тиешелүүлүгүнө жараша. Медициналык жардам сурап кайрылган 1446/315тен биринчи турда -21,8% (19,7-23,9), экинчи турда 3372/855тен -25,4% (23,9-26,9). Изилдөөнүн эки турунун тең жыйынтыктары көрсөткөндөй, жаш курактын өсүшү менен катар эле медициналык жардамга кайрылган адамдардын үлүшү биринчи турда 10,0% дан 27,5% га чейин, ал эми экинчи турда 6,2% дан 37,5%га чейин өскөн.
Жыйынтыктар.Бардык курак категорияларында серопозитивдүүлүктүн өсүшү байкалган жана текшерилген адамдарда жаштын өсүшү менен серопозитивдүүлүктүн үлүшү көбөйгөн. Каралып жаткан адамдардын жеке маалыматтарынын негизинде эпидемиологиялык көрсөткүчтөрдү талдоо көрсөткөндөй, изилдөөнүн биринчи раундунун жыйынтыгы менен салыштырганда клиникалык симптомдордун көрүнүшү 13,7%га, медициналык жардамга кайрылган бейтаптардын саны 3,6%га жана ооруканага жаткырылгандардын саны 4,6%га. Бул коронавирус инфекциясынын клиникалык агымынын оордугунун төмөндөшүнөн кабар берет. Оорунун белгилеринин төмөндөшү өзгөчө 0-9 жана 10-19 жаш категориясында байкалат.