Корутунду
Корутунду
Эмгектин максаты. Мээнин менингиомаларын коштогон проптоз (MКП) косметикалык жана функ-
ционалдык бузулуу болушу мүмкүн, ал сфено-орбиталдык жана баш-сөөк негизиндеги менингиомасы бар бей-
таптарда учурап, көпкө созулган көйгөй жаратат. Операциядан соң сандык көрсөткүчтө жакшырган проптоз
жөнүндө чектелген гана маалымат бар. Шишикти орбитаны кошо алып, кенен алып салуу деле проптозду азайт-
пагандыктан, биз орбита менен преиорбитаны каптаган ишишкти алууда агрессивдүү хирургиялык ыкманы кол-
дондук. Биз ретроспективдүү түрдө бул хирургиялык ыкманын натыйжаларын карап чыктык.
Материал жана ыкмалар. Бир хирург тарабынан 2010-жылдын 1-январынан баштап 2020-жылдын 1-майына че-
йинки мөөнөттө аткарылган проптоз менен коштолгон менингиомаларды алып салуу операциялары талданды.
Курак, жыныс, визуалдык симптомдор, хирургиялык кийлигишүүлөрдүн саны жана түрлөрү, каверноздук сину-
стун жабыркоосу, татаалдануулар, байкоо узактыгы, калып калган шишик, адъюванттык нур терапиясын колдонуу
жана экзофтальм индексин (ЭИ) колдонуу менен операцияга чейинки жана андан кийинки учурда, ошондой эле
акыркы көрүүдөгү проптоздун таралуу деңгээли изилденген.
Натыйжалар. Отуз үч бейтап (24 аял киши (73%) орточо курагы 51,6 жашта МКП себептүү дарылоодон өтүшкөн.
Кошумча визуалдык белгилери бар 22 бейтаптын ичинен (мисалы: көрүү курчтугунун жоголуусу, көрүү талаа-
сынын тарышы же кош көрүнүү) 15 бейтапта көрүүнүн жакшыруусу, ал эми 7 – туруктуу көрүү байкалган. Бир
дагы бейтапта проптоздун начарлоосу байкалган эмес. Операцияга чейинки орточо ЭИ 1,39, жакынкы операция-
дан кийинки мөөнөттө орточо ЭИ - 1,23, ал эми соңку орточо ЭИ акыркы байкоодо 1,13 болгон. Ошентип, ЭИ
орточо жалпы жакшыруусу 0,26ны түздү, бирок орточо ыкчам ЭИ төмөндөөсү 0,16 түздү, бул операциядан ки-
йинки мөөнөттө проптоздун прогрессивдүү жакшыруусун көрсөттү. Каверноздук синустун калдыктуу жабыр-
коосу операцияга чейин каверноздук синуста менингиомасы бар 18 бейтаптын 17 аныкталган. Бул сериядагы 2
гана бейтапта көз чанагынын кайталанган шишиги болгон, бирок кайталанган операциядан кийин алардын про-
птозу кайрадан жакшырган. Созулган вазоспазмдын бир учуру жана үчилтек нервинин (V2) операциядан ки-
йинки чымыроосу катталган. Байкоонун орточо мөөнөтү 4,5 жылды (53,8 ай) түзгөн.
Жыйынтыгы. Бул изилдөө сериясында бейтаптардын баары проптоздун жакшырганын белгилешти, акыркы ка-
роодо проптоз жай тараганына карабастан бир дагы бейтапта көрүү симптомдорунун начарлоосу байкалган жок.
Орбитанын шишиги 2 учурда гана рецидив берген жана хирургиялык кийлигишүүгө муктаж болгон. Хирургия-
лык татаалдануулар көп байкалган эмес. Изилдөө натыйжалары көрсөткөндөй, МКПга агрессивдүү резекция
бейтаптарда жакшы көтөрүлөт жана орбитадагы сейрек рецидив менен проптоздун жоголуусуна шарт түзөт. Белгилей турганы, энофтальм учурлары орбитанын формалдуу реконструкциясы болбосо да катталган жок.