Киришүү. Жүрөк-кан тамыр оорулары жаш куракка байланыштуу эмес, башкача айтканда улгайган гана адамдар эмес, жаш курактан тартып эле калыптана баштайт. Андыктан өспүрүм курак коркунучтуу факторлорунун топтолушу үчүн өтө маанилүү мезгил болуп саналат. Маселен, курамында никотин камтылган продукцияларды, анын ичинде электрондук тамекилерди колдонуу, кыймылсыз жашоо образы жана уйкунун жетишсиздиги жүрөк-кан тамыр системасына олуттуу терс таасирин тийгизет.
Кыргызстанда өспүрүмдөр арасында тамеки тартуунун жана вейпингдин жайылышы жана алардын жүрөк-кан тамыр ооруларынын көрсөткүчтөрүнө тийгизген таасири боюнча маалыматтар чектелүү.
Изилдөөнүн максаты. Өспүрүмдөр арасындагы тамеки тартуунун жана вейпингдин жайылышын, ошондой эле алардын жүрөк-кан тамыр көрсөткүчтөрү, уйку жана физикалык активдүүлүк менен байланышын баалоо.
Материалдар жана ыкмалар. Бишкек шаарынын Ленин жана Октябрь райондорундагы соода борборлорунда 13–18 жаштагы өспүрүмдөр арасында бир жолку анонимдүү сурамжылоо жүргүзүлдү (жалпы 68 анкета: 39 уул жана 29 кыз; орточо жашы 16,2 ± 1,5 жаш).
Анкета- жалпысынан никотин камтыган продукцияларды колдонуу (вейпинг, тамеки тартуу, узактыгы жана жыштыгы), өнөкөт оорулардын болушу, физикалык активдүүлүк, уйкунун узактыгы жана сапаты тууралуу суроолорду камтыды. Бардык катышуучуларда жүрөктүн кагышынын жыштыгы (ЖКЖ) жана артериялык кан басымы (АКБ) өлчөндү. Маалыматтар сүрөттөөчү статистика ыкмалары менен талданды. Респонденттер жаш курагы, никотин колдонуу түрү жана жыштыгы, жынысы боюнча топторго бөлүнүп, никотин колдонгон жана колдонбогон топтор салыштырылды.
Натыйжалар жана талкуу. Никотин камтыган продукцияларды колдонуу өспүрүмдөрдүн 50,0 %ында аныкталды. Вейпинг 38,2 %, тамеки тартуу 35,3 % учурларда катталган; вейпинг менен тамекини айкалыштырып колдонуу 23,5 %, бир гана вейп колдонуу 14,7 %, бир гана тамеки тартуу 11,8 % түздү. Никотин колдонуу эркек балдар арасында (66,7 %) кыздарга (27,6 %) салыштырмалуу кыйла жогору болду.
Эркек балдардын тамеки тартуусун салыштырмалуу коркунучу 2,4 эсе жогору (RR = 2,42), ал эми тамеки тартууну баштоонун шанс катышы 5,25ти түздү (OR = 5,25); бул айырмачылыктар статистикалык жактан маанилүү болду (p ≈ 0,002). Жаш курак жогорулаган сайын никотин колдонгон өспүрүмдөрдүн үлүшү көбөйгөн: 13–14 жаштагыларда 0 %дан 17–18 жаштагыларда 71,4 %га чейин.
Жалпы тандалмада АКБ жана ЖКЖнын орточо көрсөткүчтөрү төмөнкүчө болду: систолалык АКБ 116,2 ± 18,1 мм сын. баг., диастолалык АКБ 74,2 ± 16,7 мм сын. баг., ЖКЖ 91,2 ± 18,3 уд/мин. Никотин колдонгон өспүрүмдөрдө систолалык АКБ (120,1 каршы 112,4 мм сын. баг.) жана ЖКЖ (92,6 каршы 89,9 уд/мин) жогору болду.
Систолалык АКБ ≥130 мм сын. баг. болгон өспүрүмдөрдүн үлүшү 20,6 % түздү; никотин колдонгондордо бул көрсөткүч 29,4 %, колдонбогондордо 11,8 % болду. Жогорулаган систолалык АКБнын коркунучу никотин колдонгондордо 2,5 эсе жогору (RR = 2,5), шанс катышы 3,13тү түздү (OR = 3,13); айырмачылыктар статистикалык жактан маанилүү болду (χ² = 4,22, p ≈ 0,04).
Өнөкөт оорулар респонденттердин 13,2 %ында (бронхит, синусит, анемия, псориаз ж.б.) аныкталды. Өспүрүмдөрдүн жарымынан көбү туруктуу физикалык активдүүлүк менен алектенишкен эмес (57,4 %), ал эми күн сайын спорт менен машыккандар 5,9 % гана түздү. Уйкунун орточо узактыгы 7,8 ± 2,2 саатты түзүп, айрым катышуучуларда уйкунун олуттуу жетишсиздиги (2–4 саат) байкалган.
Жыйынтыктар. Кыргызстандагы өспүрүмдөр арасындагы пилоттук изилдөөдө, айрыкча эркек балдар жана улуу жаш курактагы топтор арасында, вейпингдин жана тамеки тартуунун жогорку деңгээлде жайылганы, ошондой эле никотин колдонуу формаларынын айкалышы аныкталды. Никотин колдонгон өспүрүмдөрдө систолалык АКБ жана ЖКЖ жогору болуп, жогору кан басымына ээ адамдардын үлүшү көбүрөөк болду. Никотин жүгү, жетишсиз физикалык активдүүлүк, уйку бузулуусу жана өнөкөт оорулардын айкалышы өспүрүм курагында эле жүрөк-кан тамыр системасы үчүн жагымсыз профиль түзөт. Алынган жыйынтыктар мектептерде жана колледждерде эрте профилактикалык программаларды, анын ичинде АКБ скринингин, никотинден баш тартуу боюнча агартууну жана туруктуу физикалык активдүүлүктү илгерилетүүнү ишке ашыруунун зарылдыгын көрсөтөт.